А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ж » Жаныш Кочкоров

Текст песни Жаныш Кочкоров "Өмүр дайра"

Өмүр - дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым отуз чактан өткөндө?
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым кырктан өтүп кеткенде?

Жашоо - жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.

Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?

Караганда көзүңдөгү карекмин,
Каалаганда бышып турган данекмин.
Чагып жебей, өстүрүп же даанымды,
Чамам бүтсө, чал катары керекмин.

Категория: Жаныш Кочкоров | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 694 | Теги: Жаныш Кочкоров | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: