А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Султан Садыралиев

Текст песни Урмат Усенов, Султан Садыралиев "Сен келээрсиң"

Сен келерсиң бир күнү,
Аруу таңды аралап.
Шүүдүрүмдөй карегиң,
Ак чыныда карагат.

Сен келерсиң бир күнү,
Нур жүзүңдөн чачырап.
Айдыңыңдан көзүңдүн,
Баратамын магдырап.

Шамалына жытыңдын,
Азгырылам артыла.
Карааныңа атыңдын,
Баргым келет батыраак.
Кайдан, качан белгисиз,
Сен келерсиң бир күнү.

Сен келерсиң бир күнү,
Ызгаарымдын жолунда.
Илебиңдин кайтпаган,
Жылынайын отуңа.

Сен келерсиң бир күнү,
Адаштырып акылдан.
Араң турган жаным, ай,
Ала качып закымдап.

Категория: Султан Садыралиев | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 522 | Теги: Султан Садыралиев, Урмат Усенов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: