Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп-күл, ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаратылбайт кайрадан.
Оо өмүр сен чалкып жаткан көлдөйсүң,
Бирде өмүр салкын соккон желдейсиң.
Каалаганча пайдалана бергидей, бергидей,
Же өмүр сен колдо буюм эмессиң.
Жаштыгым сен кайда калып баратат,
Өмүр өтсө ак чач кылып жаратат.
Арт жагынан ак жоолугун булгалап, булгалап,
Алыс калдың айланайын бала чак.
Узунбу өмүр же кыскабы ким билет?
Акыр бир күн сокпой калат бул жүрөк.
Сыйлашалы өмүр өтүп кеткенче, кеткенче,
Коңүл калуу өлүмдөн да күчтүүрөөк.
|