Арман күүсүн чалып,
Ак булутту жарып.
Келбес сапарга аттандың,
Жанбай өчтү жарык.
Жалынына мен калып,
Жазганы бул Жараткандын.
Ишене албай көпкө,
Ичим жалын өрткө,
Туталанып баратканмын.
Жашым көлдөй төккөм,
Жараланып чөккөм, жан тумарым.
Кайырма:
Кайдасың сен, асыл эркем?
Жүрөк жарып, дүйнө салып кете берген.
Кыйналдым мен сагынтып сен,
Дарманым жок,
Жанымда жок жашап келем.
Эки дүйнө изи, кезиктирет бизди,
Элес болуп түштө гана.
Жашоо токтоп калды,
Айла табар барбы?
Кайрып берер ушул жанды.
Тагдыр жолу кайгы,
Тушап мени алды,
Таалайыма тузак салды.
Ташбоор экен баары,
Талкалап салды,
Көңүл калды.
Кайырма:
|