Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.
Кайырма:
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.
|