А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Л » Лира

Текст песни Лира "Эркетаймын"

Эрке кызмын, кызыл гүлдөй жайнаган,
Кымбат болуп намысты бек кармаган.
Жаралганда чаңкаганым басылбай,
Жан дүйнөмдү музыкага арнагам.

Жалын чачып жүрөк согуп турганда,
Жетким келет максатыма каалаган.
Жаштык оргуп, жүрөк согуп турганда,
Муза, сага бүт дүйнөмдү арнагам.

Кайырма:
Бий бийлеймин, мен ыр ырдаймын,
Ата-энемдин мен эркетайымын.
Шаттык каалап досторума,
Ырларымды арнаганмын.

Жалындаган, жарашыктуу жаштык кез,
Теңир-Тоонун булагындай тунук кез.
Ырым дагы, сырым дагы музыка,
Жетким келет бийиктике менин тез.

Аруулукту кан-жаныма сиңирген,
Ар-намыстуу, жарашыктуу дегизген.
Эркетаймын булбул үндүү, нур кызмын,
Лира үнү жаңырса дейм жеримде.

Кайырма:

Категория: Лира | Добавил: Админ (07.03.2018)
Просмотров: 402 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: