Жетелеп канатыңа калкалап,
Ээрчитип эне жолун аркалап.
Эмизген аппак сүтүң да акталат,
Ченебей сени мага бактымда.
Чыйралып термеп мени бактың да,
Бейишим, эне, таманың астында.
Кайырма
Талпынып өз колуңда баскамын,
Турмуштун ушул жолуна.
Термелип улуу сүтүң таткамын,
Бешик астында.
Уулум деп мээримиңди чачканың,
Унутпайм узун жолду басканың,
Бейишим бар таман астында.
Алыста ак жоолугуң салынып,
Балам деп баскан сайын кагылып.
Мен жүрөм сенин жытыңды сагынып,
Энеке, кечир болсо каталык.
Эр жетип сезим менде аталык,
Кайрылбайт эми аркага балалык.
|