Сайрашат багында,
Олтуруп шагында.
Куштардын майрамы,
Сыдырым жел жаздын таңында.
Жарашат теребел,
Жарышам мен дагы.
Оболоп кайрыктар,
Тизилип ырлар да сабына.
Кайырма:
Бийлеп берчи, мага,
Ырдап ырлар сунам сага.
Ырдап-бийлеп берели,
Көңүл куунак себеби.
Шаңдуу жаштык жылдары,
Кыз кыялым, сырларым
Тушай албай убакыт шарын
Кандай, бала, бүт баары?
Келчи, обон созуп ырдайлы,
Жолобосун муң-кайгы.
Текке кетти өмүр жылдары,
Ойноп-күлүп жыргап,
Обон созуп ырдайлы.
Кылымдар кылдары,
Укмуштай сырлары.
Жаратат музыка,
Жан дүйнөгө болуп бир даба,
Оргуп чыгат баары,
Обон да, ыр дагы,
Мүрөк суу агылып,
Куунак жашоо жыргалы мына
|