Өзгөдөн башка болуп сен мага турчу элең,
Сезимиң жашыргансып сен неге жүрчү элең?
Жанымдан алыстабай, жалооруп байкатпастан,
Жаз болсо жар айланган жан дүйнөм өзүң элең.
Айылдын кечтерин сагындырган,
Алтындай жаштыкты чагылдырган.
Арнаган ырларың эсимден кете элек,
Эскирген эстелик дептериң сүрөт менен.
Экөөбүз жолукчу чынар терек,
Эч кимди жолотпой турса керек.
Эми да күткөнсүйт жалдырап күн сайын,
Жалбырак саргайып жазды эңсеп жашыгансыйт.
Бар эсим багындырган,
Бар болгон өзүң элең.
Балкыган гүл жыттанып,
Бал болгон өзүң элең.
Башымдан тегеренип,
Бирдеме дегиң келип.
Бар болуп учуп жүргөн,
Бал аары өзүң элең.
|