А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айнура Салахидинова

Текст песни Айнура Салахидинова - Төк, жамгыр

Төк, жамгыр, бирок мени шаштырбагын,
Кайдадыр делөөрүтүп азгырбагын.
Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты,
А бирок калсын жанда,
Калсын жанда жакшы ырларым.
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү, нөшөрлөчү,
А бирок калсын жанда,
Калсын жанда жакшы ырларым.

Төк, жамгыр, максатымды сүрөп койчу,
Жашоого кошкум келет үлүшүмдү.
Жууп кет жакпай турган адаттарды,
А бирок жууй көрбө,
Жууй көрбө үмүтүмдү...
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү, нөшөрлөчү,
А бирок жууй көрбө,
Жууй көрбө үмүтүмдү...

Төк, жамгыр, көкөлөтүп маанайымды,
Сулуулап сылап койчу саамайымды.
Өрөпкүп мен бирөөнү күтүп жатам,
А бирок суута көрбө шаабайымды.

Категория: Айнура Салахидинова | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 438 | Теги: Айнура Салахидинова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: